Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулду

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, соттун 20 -сентябрдагы чечими менен Самарбек Болотбековага бул жерден кетпөө тууралуу тил кат түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Эске салсак, УКМК Нарын шаарынын мэрин 2020 -жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жолу менен шериктештикке шектүү катары кармаган.

Самарбек Болотбеков 18 -сентябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Буга чейин ал борбордун Свердлов районунун акими болуп иштеген.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх