Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

39 жаштагы Венера Рыскулова Ош шаарынын вице -мэри болуп дайындалды

Ал буга чейин мамлекеттик аппаратта иштеген

Венера Рыскулова Ош шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Мындай буйрукка түштүк борбордун мэри Алмаз Мамбетов кол койду.

Венера Рыскулова 39 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн.

Жаңы шайланган вице -мэр буга чейин мамлекеттик аппаратта ар кандай кызматтарды аркалаган. Акыркы ээлеген кызматы министрлер кабинетинде билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн эксперти болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх