Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Пермь университетиндеги атышуу тууралуу: Бул бизге таасир этпейт деп эч ким кепилдик бере албайт

Бурул Аманова Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги коопсуздук маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова бүгүнкү пленардык жыйында Пермь университетиндеги атышууга байланыштуу Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги коопсуздук маселесин көтөрдү.

Ал билим берүү министрин жана ички иштер министрин жолугушууга чакырууну сунуштады.

"20 -сентябрда Пермь университетинде атышуу болгон", - деп эскерет парламентарий. - Күнөөсүз адамдар өлдү. Ушундай эле окуя Казанда да болгон. Эки кылмышкер тең 18-19 жашта. Биздин мектептерде жана университеттерде мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн атайын чаралар барбы? Жолугушууга билим берүү министри менен ички иштер министрин чакырышыбыз керек. Ушуга окшош окуялар мурда алыскы өлкөлөрдө болгон. Бирок, азыр коңшу мамлекеттерге жетти. Бул бизге таасир этпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Эл өкүлү билим берүү мекемелериндеги психологдордун ишин күчөтүүнү дагы сунуштады.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх