Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков ээлеген кызматынан бошотулду
Талайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен транспорт боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Талайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн алдындагы Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеген.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз