Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде тажик окуучулары мектептен кайтып келе жаткан кыргыз мектеп окуучуларын сабап салышты

Жаңжал учурунда 40ка жакын тургун чогулган

Кечээ, 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылындагы мектептен кайтып келген төрт кыргызстандык мектеп окуучусун тажик айылынын 11-класстын 30га жакын баласы сабап кетишкен. Бул тууралуу Vesti.kgге президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада 4 кыргызстандык мектеп окуучусу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Кийинчерээк жабыркагандардын аталары жана туугандары кол салган тажик балдарынын экөөнү жана алардын ата -энесин сабап салышкан. Натыйжада жаңжалга 20-40тай тургундар кошулган.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана тиешелүү күч структураларынын жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода баштаган тажик делегациясы менен жолугушуп, маселени жеринде талкуулашты жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана кылмышкерлерди жоопко тартууну чечишти. 

Учурда чек ара аймактарында коомдук-саясий абал тынч. Кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх