Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажик тарап кармалган КРнын жараны Уразбек Мирзоевди Кыргызстанга өткөрүп берди

Мындай чечим Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынды

Бүгүн, 27 -сентябрда, Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери менен тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын жараны Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Жаран Мирзоев Кыргыз Республикасына «Кулунду-авто жол» посту аркылуу келген.

Ишти Кыргызстандын компетенттүү органдары жүргүзүүдө.

Мурда маалымдалгандай, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан КРнын жараны - Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын тургуну - 1995 -жылы туулган Уразбек Мирзоев кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган учурда, жаран Мирзоев Тажикстан Республикасынын маршруттук таксисинде Кыргызстандын жараны болгон жубайы менен бирге Ходжент-Канибадам унаа жолунун боюндагы Тажикстандын Жигдалик айылына бараткан.

Кыргыз Республикасынын жаранынын кармалышы жубайы аркылуу белгилүү болгон, ал окуя тууралуу Кыргызстандын чек арачыларына кабарлаган.

КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх