ЖК комитети Улуттук банктын башчылыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин карай баштады.
Азырынча Толкунбек Абдыгуловдун отставкасы тууралуу расмий билдирүү жок
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине Улуттук банктын төрагалыгына жалгыз талапкер Кубанычбек Бөкөнтаевдин документтери келип түштү. Бул тууралуу анын телеграм каналында ЖКнын депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алуу боюнча документтер Жогорку Кеңештин комитетине тапшырылган.
Мындан тышкары, Бекешев комитеттин айрым мүчөлөрү жыйынга келбей жатканын кошумчалады.
Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-2010 -жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Эске сала кетсек, бүгүн Vesti.kg сайты Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткенин өз булактарынан билди.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www