Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси болот
Ал эч кандай саясий кысым көрсөтүлбөгөнүн белгиледи
Улуттук банктын кызматтан кеткен төрагасы Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси болот. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Наталья Никитенко анын саясий кысымсыз өз ыктыяры менен кызматтан кетишине ишенбегенин белгиледи.
«Саясий кысым болгон жок», - деп ишендирди Абдыгулов. - Мен Кыргыз Республикасынан Эл аралык валюта корунун кеңешчиси болуп барам. Акыркы убакта Кыргызстан үчүн квота көбөйтүлдү, бул маселелердин бардыгын мамлекетибиздин кызыкчылыгына багыттоо зарыл.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз