Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилекмат Куренов №27 колонияга которулду

Оппозициялык саясатчы буга чейин Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган

Оппозициялык саясатчы Тилекмат Куренов №27 колонияга которулду. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармакта билдирди.

Буга чейин Куренов Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган.

Эске сала кетсек, буга чейин Свердлов райондук соту Тилекмат Куреновду бир жыл алты айга эркинен ажыраткан. Ага "Массалык баш аламандыктар аракети", "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Добуштарды сатып алууга аракет кылуу" беренелери боюнча айып тагылган.

Белгилей кетсек, Тилекмат Куренов - оппозициялык саясатчы, ал азыркы бийликтин аракеттерине каршы активдүү сүйлөдү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх