Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нариман айыл округунун башчысы шериктери менен бирге кармалды. Алар коррупцияга шектелүүдө

УКМКнын маалыматы боюнча, жергиликтүү чиновник жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин мыйзамсыз саткан

КР УКМКнын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319 (Коррупция) фактысы боюнча Нариман айылдык округунун башчысы "Н.Х.", анын шериги "М.С.", ошондой эле "Кадастр" ГУнун мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу "ББ"кармалды.
Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүшкөнү аныкталган.

Бул адамдар 2021 -жылдын 30 -сентябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш -чаралар улантылууда.

УКМКнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх