Бишкек коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө маданиятынын сакталышына көзөмөлдү күчөтөт
Буга резонанстуу окуя, коляска менен эненин кичи автобуска киргизилбей калышы себеп болгон
Муниципалитеттин атынан Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги ыкчам кеңешме өткөрдү. Буга бир күн мурун болгон окуя себеп болгон.
Эске сала кетсек, 30 -сентябрда No203 маршруттук таксинин айдоочусу кичинекей кыз жана коляскасы менен энеге жүргүнчүгө орой мамиле жасаган.
Жолугушуунун жыйынтыгында бөлүм башчыларына жүргүнчүлөрдү тейлөө тартибин жана троллейбустун айдоочуларынын жол эрежелерин так сактоосун көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.
Жолугушууга ыкчам кызматтын башчысы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчылары, насаатчы-айдоочулар жана борбордун троллейбустарынын 11 каттамынын мастерлери катышты.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www