Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору Ысык-Көл облусунун төрт районунда ачылды

Бул аймактардын тургундары мындан ары тиешелүү справкаларды алуу үчүн Караколго келүүнүн кажети жок

Ысык-Көл облусунун төрт районунда ички иштер бөлүмдөрүнүн базасында "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору бар. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, бул конуштардын тургундары мындан ары тиешелүү маалымкаттарды алуу үчүн Караколго келүүнүн кажети жок.

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөштүрүү, кызматтарды көрсөтүү убактысын кыскартуу жана процедуралардын санын көбөйтүү максатында жарандарды тейлөөнүн жаңы форматы ишке киргизилди.

"Бирдиктүү терезе" аркылуу Кыргызстандын аймагында жарандын соттуулугу бар же жоктугу тууралуу күбөлүктөрдү алуу, коркунучтуу жүктөрдү автомобиль менен ташууга уруксат алуу мүмкүн болот. Мындан тышкары, жарандык жана кызматтык куралдарды, коркунучтуу жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензия жана уруксаттарды алуу үчүн документтерди кабыл алат жана берет.

Ошентип, борборлор Каракол шаарында, Тоң, Ысык-Көл, Жети-Өгүз облустарынын жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө иштейт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх