Активист Максат Касенов террористтер отурган 50-СИЗОго киргизилди
Ал жерде 30 -октябрга чейин кармалат
Бишкектин Биринчи Май райондук соту азыркы бийликти сындаган активист Максат Касеновду 50-СИЗОго камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Активист 2021 -жылдын 30 -октябрына чейин камакта болот.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 1 -октябрында укук коргоо кызматкерлери Касеновду кармашкан. Караколдогу үйүн тинтүү учурунда «Сайга» үлгүсүндөгү мылтык табылган.
Касенов бийликтин аракетин бир нече жолу сынга алган.
Ал арада саясатчы Клара Сооронкулова активист бийликке каршы посттору үчүн саясий куугунтукка кабылып жатат деп эсептейт.
Буга чейин Касенов Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Белгилей кетсек, SIZO-50дө терроризмге жана башка өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамдар бар.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www