Осмонакун Ибраимов өзүнүн 100 китебин ИИМге тапшырды
Экс-статс-катчы китептерди ИИМдин коллегиясынын залында отургандардын баарына жеке тапшырды
Белгилүү окумуштуу жана саясатчы Осмонакун Ибраимов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 100 нуска өзүнүн атактуу адамдар сериясынан “Усубалиев” аттуу китептерин тапшырды.
Осмонакун Ибраимов жогоруда аталган китебинде Турдакун Усубалиевдин тагдыры, жашоого болгон көз карашы, жазуучу Чыңгыз Айтматовго жана башка белгилүү замандаштары менен болгон мамилеси тууралуу айтылат.
Китептерди тапшыруу аземи Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чоң залында болуп өтүп, ага Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдөрүнүн башчылары катышты. Китептерди өткөрүп берүү учурунда Осмонакун Ибраимов залда отургандардын ар бирине ысымдарын кол тамгасы менен жазып тапшырды.
Белгилей кетсек, Ибраимов Осмонакун Ибраимович - cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1954-жылы 5-январда Кара-Кулжа районундагы Алайку айылында туулган, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин аяктаган. Орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда сабак берген. Филология илимдеринин доктору, профессор. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалган, ошол эле жылы вице-премьер министр болгон. 2001 - 2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болгон. 2010-жылдан тартып Кыргыз-Орус Славян университетинде окутуучу. "Кыргыз мамлекетинин тарыхы" китебинин автору (2015).
Иш-чаранын жыйынтыгында, Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жетекчилери китептин авторуна ыраазычылык билдирип, ага чың ден соолук, узун өмүр, кесиптик ой максаттарын орундалышын каалашты.
ИИМдин Басма сөз кызматы