Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Афганстандагы кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилди

55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4 миң литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз жана 10 тонна шекер сатылып алынган

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганстан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди.
Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый климаттык шартта жашашат жана кышкы суук бул жерге дээрлик эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх