Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламент депутаты кесиптештерин "алкыш" сөзүн "рахмат" ордуна колдонууга үндөдү

Парламентарий "алкыш" кыргыздын түпнуска ыраазычылык билдирүүчү сөзү экенин, ал эми "рахмат" арабча экенин түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов кесиптештерин "алкыш" сөзүн "Рахмат" ордуна колдонууга үндөдү.

Анын айтымында, "рахмат" араб тилинен келип чыккан, ал эми "алкыш" - кыргыздын ыраазычылыгын билдирген оригиналдуу сөз.

- Биз тоолуу Алтайга спикер менен бардык, - деди эл өкүлү. - Кыргыз үй -бүлөсү ошол жерден башталган. Манас баатыр ошол жерде төрөлгөн. Жергиликтүү эл менен кыргызча сүйлөшүүгө мажбур болдук. "Рахмат" деп айтканыбызда, бул араб сөзү экенин айтышты жана аны "алкыш" деген сөзгө алмаштырууну сунушташты. Урматтуу депутаттар, келгиле сөздөрүбүздө "алкыш" сөзүн колдонолу. Бул кыргыздын түпнускадагы ыраазычылык сөзү.

Белгилей кетсек, депутат Нурдинов өзү сөзүн "рахмат" сөзү менен аяктаган.

Канышай Балыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх