Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коопсуздук кеңешинин катчысы: Бийликти колдогон партия жана талапкерлер жок. Биз баарына бирдей мамиле кылабыз

Марат Иманкулов президент таза шайлоо өткөрүүгө ниеттенип жатат деп ишендирди

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыктын” “Эксперт Талдайт” программасында алдыдагы парламенттик шайлоодо бийликчил партиялар жана талапкерлер болбойт деп билдирди.

"Биз өткөн шайлоолордон сабак алдык", - деп ишендирди ал. - Бийлик таза шайлоону өткөрүүнү убада кылды, ошол эле учурда алар өз алдынча жашыруун түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын лидерлерин бир партияга иштөөгө мажбурлап, бюджеттик уюмдарды да мажбурлашты. Акыры баары легитимсиз болуп кетти. Биз муну жок кылгыбыз келет. Биздин президент элдин тандоосу. Ал элдин талаптарын билет. Биз таза жана ачык шайлоо өткөрүүнү көздөп жатабыз. Бийликчил партиялар жана талапкерлер жок. Биз баарына бирдей мамиле кылабыз. Мен региондорду кыдырып, жарандардын ишенбөөчүлүгүн байкадым. Бул эл шайлоонун чынчылдыгына жана бийликтин өзүнө ишенбей калганын көрсөтүп турат.

Эске салсак, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун аягында бийликке ыктаган үч партия жеңишке жетип, бул кыргыз элин митингге чыгууга түрткү болгон. Митингдин натыйжасында өкмөт алмашты. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх