Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сотко Темир Сариевди алып келишкен жок. Анын тарапташтары Бишкек шаардык сотунун жанында митингге чыгышты (видео)

Экс-премьердин ишин кароо 12-октябрга жылдырылды

Экс-премьер Темир Сариевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында митингге чыгышты.

"Сот адилеттүү өтсүн", - дешет митингчилер. - Сариев акталсын, же жок дегенде акыркы өкүм чыкканча үй камагына чыгарылсын. Биз анын өткөндөгү жакшы иштерин эстегибиз келет. Садыр Жапаровго азыр чынында ага окшогон адистер керек.

Темир Сариевдин адвокаты Тимур Султанов белгилегендей, соттук отурум 12 -октябрга жылдырылды.

«Апелляция бүгүн каралышы керек болчу, бирок соттун чечими менен Темир Сариев сотко жеткирилген жок», - деди ал. - Биз ансыз иш каралбай турганын айттык. Андыктан угуу 12 -октябрга жылдырылды.

Нааразылык акциясына 80ге жакын адам катышты.

Митингчилердин колунда экс-премьерди бошотууну талап кылган плакаттар. "Сариевге эркиндик!" деп кыйкырышты.

Эске сала кетсек, Темир Сариев Кумтөр иши боюнча кармалган. Ал коррупцияга шектелүүдө.

 



фото www  

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх