Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык фонддун башчысы Жаныбек Орозалиев ээлеген кызматынан бошотулду

Төраганын милдетин аткаруучу болуп Арстанбек Абдуллаев келди

Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктады.

Ошол эле учурда Vesti.kg булактарынын маалыматы боюнча, жетекчинин орун басары Гүлнур Джуматаева да кызматынан кеткен. Белгиленгендей, ал 1 -октябрдан бери жумушка келген эмес.

Арстанбек Абдуллаев төраганын милдетин аткаруучу болуп калды. Ал 2021 -жылдын 17 -майынан тарта Социалдык фонддун төрагасынын орун басары.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх