Садыр Жапаров Владимир Путинге Татарстанда авиакырсыктан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
КРнын Президенти трагедиядан жапа чеккендердин баарынын тезирээк сакайып кетишин каалады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге жарандык учактын кырсыкка кабылуусунан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.
«Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы Мензелинск районунда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп белгиленет телеграммада.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www