Садыр Жапаров министрлер кабинетин таратты
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызматтарын ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткара беришет
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин отставкасы жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азыркы курамы бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөсү болуп иштеген адамдар жаңы Министрлер Кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз