Чоң-Алай районунда жашы жете элек жетим балага жер тилкеси берилди
Чечим прокурордун жооп актысынын негизинде кабыл алынган
Чоң-Алай районунда жашы жете элек жетим Э.А. уулу кийинки турак жай куруу үчүн 0,15 га жер тилкесин алган.
Мыйзамга ылайык, кезексиз турак жай же жер тилкелери жетим балдарга, ошондой эле ата -энесинин камкордугусуз калган балдарга берилет. Үйү жок жашы жете элек жетимдин укуктарын коргоо максатында Чоң-Алай районунун прокуратурасы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырма берди.
Прокурордун жооп актысынын негизинде айыл өкмөттүн токтому менен жашы жете элекке жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз