Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы министрлер кабинетинде төрт гана чиновник мандатын сактап кала алган жок

Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, Мамлекет башчысынын 2021-жылдын

12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх