Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиянын премьер -министри Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Ал Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер байланыштырып турганын белгиледи

Россия Федерациясынын Премьер -министри Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагалыгына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Ал Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турганын белгиледи.

"Өкмөттүк линия боюнча активдүү биргелешкен иш практикалык кызматташтыкты мындан ары да бекемдейт, өз ара пайдалуу жаңы демилгелерди алга жылдырат деп ишенем", - деп айтылат катта.

Мишустин Жапаровго ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх