Кыргызстандын 2026 -жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы кабыл алынды
Буга байланыштуу министрлер кабинетине, Жогорку Кеңешке жана сот органдарына бир катар тапшырмалар берилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
— 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
— ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
Президенттик аппараттын сайтында Кыргыз Республикасын 2026 -жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын текстин жүктөп алсаңыз болот.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www