Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жактап, чиновниктерге пара берген. УКМК экс-саламаттыкты сактоо министринин тууганын кармады

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык кошумча фактылары ачыкка чыкты

УКМК фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогон Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин улантууда.

Мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири "С.Ж.К." Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоо процессин туура эмес тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарынан пара алуу жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын жактаган.

Учурда С.Ж.К.га карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо менен камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх