Ташиев дары-дармек менен камсыз кылуу тармагындагы абал боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү
Дары -дармектердин рыноктук наркын түзүүгө карата мамилелерди кайра карап чыгуу чечими кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевттик бизнестин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды, ал эми Камчыбек Ташиев дары-дармектердин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикаменттердин аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге өзгөчө басым жасады.
Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле маанилүү дары-дармектердин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында, мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилди.
Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы
Фото www