Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров "Торугарт" өткөрмө бекетинде болду

Кабинеттин башчысы белгилегендей, мындан ары жүктөө "Арка" аймагында эмес, бул өткөрүү пунктунда жүргүзүлөт

Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/92056-akylbek-zhaparov-posetil-kpp-torugart.html - Акылбек Жапаров посетил КПП «Торугарт»Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Торугарт – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды.

Акылбек Жапаров «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөөрүн белгиледи.

 Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды.

 Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх