Анталияда Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон
Президент Садыр Жапаров "Түркия Республикасынын Анталия шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Чечим Кыргызстандын Түркиянын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды кеңейтүү максатында кабыл алынды.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз