Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик администрациянын кечирим берүү боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы пара менен кармалды (фото)

Ал соттолгон адамды ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом талап кылган

Уурдоо жана пара алуу фактысы боюнча УКМКнын кызматкерлери Кечирүү комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Бны кармашты.

Кечирилүүгө жана түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү жол-жобосунун жүрүшүндө такталган коррупциялык схема түзүлгөн.

КРнын Президентинин Администрациясын кечирүү боюнча  жооптуу катчысы "А.Т.Б" кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык пайда алуу максатында, маселенин оң чечилиши жана соттолгон адамды ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн."С.Н." аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 18-октябрында, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 170 миң сомду алуу учурунда “А.Т.Б” кармалган, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган .

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх