Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарандардан Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери арасындагы коррупция тууралуу билдирүү суралат

Эгерде сиз мындай фактыларга күбө болсоңуз, муниципалитеттин  байланыш борборуна сүрөттөрдү жана видеолорду жөнөтүңүз

Бишкек мэриясы муниципалитет системасында иштеген чиновниктердин мүмкүн болгон коррупциялык аракеттери тууралуу маалымат берүүнү суранат.
 
Белгилей кетсек, мэрия Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык тобокелчиликтердин тизмесин иштеп чыккан жана бекиткен. Учурда Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу муниципалдык менчик администрациясында жана жер ресурстарын башкаруудагы коррупциялык тобокелдиктерге жана схемаларга анализ жүргүзүштү. Жыйынтыгында коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча деталдуу план иштелип чыккан.
 
Азыр кээ бир муниципалдык ишканаларда «аудит жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы сөзсүз түрдө берилет. Жакын арада башка структуралык бөлүмдөрдө да ушундай текшерүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жана анализ уланууда.
 
Урматтуу жарандар! Эгерде сиз мындай фактыларга күбө болсоңуз, биз муну муниципалитеттин колл-борборуна фото жана видео фактыларды жөнөтүүнү суранабыз: 0554 182-185 же 1840 жана 1850 номурларына чалыңыз.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх