Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда баңги заттар менен алектенген топ кармалды (фото)

Тинтүү учурунда 2 кг ашык афган гашиши алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттар менен алектенген топ аныкталып кармалды.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ош облусунун Ош-Алай трассасынын 5-чакырымында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык, ошондой эле айдоочуга жана 2 жүргүнчүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар табылып алынган. Алынган ооган гашишинин (чарс) жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.

Кармалган А.И., Т.В. (мурда соттолгондор) жана К.Н. аттуу жарандар Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ИИМдин БМЖКККсы системалык түрдө республика боюнча ушундай фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды тынымсыз жүргүзүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх