Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Азербайжандын элчисин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Гидаят Оруджев Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджевди - дипломатиялык корпустун дуайена дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы элчиге кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы салттуу тыгыз жана достук мамилелердин бардык чөйрөлөрдө уланышына үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде Гидаят Оруджев Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Азербайжанды тарыхы, маданияты, тили жана каада -салттары байланыштырып турганын белгиледи.

Эки өлкөнүн достук кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымы үчүн министрлер кабинетинин башчысы Гидаят Оруджевди министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх