Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө Royal Beach пансионатында өрт чыкты. Жаракат алган жок

Окуяны жоюу үчүн үч өрт өчүрүү бригадасы тартылган

Бир күн мурун, саат 03.55те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында Royal Beach пансионатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүү үчүн үч өрт өчүрүү бригадасы тартылган. Өрт саат 06.35те толугу менен өчүрүлгөн.

Окуянын кесепетинен пансионаттын 20 чарчы метр чатыры, жалпы аянты 150 чарчы метр кампа, курулуш материалдары жана авто тетиктер күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

ӨКМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх