Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө бир кишинин мыйзамсыз түрдө балык алып жүргөнү аныкталды жана жанынан баңгизаты табылды

Келтирилген зыяндын өлчөмү азырынча тактала элек

Ысык-Көл облусунун ИИБнын БМЖКК боюнча кызматтар  жана Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Каракол-Пристан айылынын тургундарынын бири үйүндө баңги затын мыйзамсыз сактаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн КЖБРде катталган, жана сотко чейинки өндүрүштүн 2-ст. 268 ч. 1 (сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча иш козголду.

Маалым болгондой, шектүү Каракол-Пристань айылында жашаган 32 жаштагы У.Б кармалган.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 205 грамм марихуана, мыйзамсыз алынган балык (506 куйрук) жана икра табылган.

Келтирилген зыяндын өлчөмү азырынча тактала элек.


Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх