УКМК Сузак районунда мектеп курууда аткаминерлердин сүйлөшүү фактысын аныктады
Мамлекеттик бюджетке 4 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган
УКМК Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин Сузак районунун Талаа-Булак айылында №76 А. Матиев орто мектебинин курулуш иштеринде, мамлекеттик бюджетке 4 970 944 сом зыян келтирилгени аныкталды.
Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 320 ст 2 -бөлүгүнө ылайык катталган. .
Жагдайды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз