Бишкекте милиция өлгөн кишинин өздүгүн аныктоого жардам берүүнү суранат (Абайлаңыз, сүрөт!)
Маркумдун сөөгү БЧКдан табылган
16-октябрда Бишкекте Кантемиров көчөсүнүн жанындагы БЧКдан болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт КЖБРде катталган.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери табылган өлүктүн өздүгүн тактоого жардам сурап жатышат.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр,бети тегерек. Кийген кийими: XXXL (54) өлчөмүндөгү BAHODIR фирмасынын кара сызыктары бар жашыл футболка, кара куртка.
Өзгөчөлүктөрү: үстүңкү жаактын сол жагында 6 см болгон тырык бар, бир нече тиштери жок. Сол колдун сөөмөйү жок. Денеде көптөгөн татуировкалар бар:
- оң колунда -факел;
- чыканак менен билектин ортосунда - роза;
- сол колунун билегинде - "Зло" жазуусу;
- сол колунун билегинде - билерик;
- сол колдун бармагында - "195" деген жазуу;
- сол колдун ортоңку манжасында - крест;
- оң тизеде - жылдыз;
- оң бутунун таманында - "Мы устали" деген жазуу;
- сол бутунун таманында - "Ждем такси" деген жазуу.
«Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранышат: 0 (702) 49-88-88, 0 (557) 11-94-10, 0 (776) 17-15- 15 ", - деп кайрылган милиция кызматкерлери.
ЭСКЕРТҮҮ, ФОТО !!!
Бул тууралуу Свердлов районунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
фотоwww