Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара кызматына 40 даана брондолгон техника тапшырылды

Мамлекеттик чек араларды бекемдөө үчүн УКМКнын чек ара кызматына 40 даана зооттолгон техника тапшырылды

Бүгүн, 21-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземине катышты.

Зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылаыйыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.


Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх