Буга чейин дайынсыз болгон адамдын сөөгү Бужум айылынан табылган
Шектүү эки жаран кармалды
Баткен районунун Бужум айылында изделбей жоголгон 1988 -жылы туулган Жигитала Темирбаевдин сөөгүн табышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 19 -октябрда ШИИБге ал адам үйдөн 17 -октябрда чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес деген билдирүү түшкөн.
Бир күн мурун Темирбаевдин сөөгү табылган. Криминалдык милиция кызматкерлери шектүү эки айылдашын кармашты-31 жаштагы И.М. жана 28 жаштагы Ж.Н.
Бул иш адам жоголгондон кийин "Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" үчүн кайрадан иш козголгон.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз