Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупцияга каршы ишкер кеңеши "Адилеттүүлүк үчүн жана таза шайлоо үчүн" кыймылынын ишин демилгелеген.

Командага шайлоо боюнча эксперттер, юристтер, ыктыярчылар, жарандык активисттер жана белгилүү коомдук ишмерлер кирмекчи

Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеш мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ачык, таза шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча акыркы сөзүн колдойт жана “Адилеттүүлүк үчүн жана таза шайлоо үчүн” кыймылынын башталышын демилгелейт. Бул тууралуу ККИКтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул кыймылга эксперттер, юристтер, ыктыярчылар, жарандык активисттер жана өлкөнүн көрүнүктүү коомдук ишмерлери кирери көрсөтүлгөн.

"Адилеттүүлүк үчүн жана таза шайлоо үчүн" кыймылы байкоочулардын ишин координациялайт, аларга шайлоо өнөктүгү боюнча консультациялык колдоо көрсөтөт жана мыйзам бузууларга ыкчам жооп берет.

Кыймыл республиканын жети регионунда ишин кеңейтет, ал жерде шайлоодогу учурдагы абал жөнүндө жалпы маалыматты иштеп чыгуу жана БШКга берүү боюнча иштер жүрөт.

Иштин башталышы ушул жылдын 28 -октябрында башталат.

Президенттин алдындагы КККИКтин бардык активисттерди жана өлкөнүн жарандык секторун кыймылдын туусу астында биригүүгө жана мамлекетке ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө жардам берүүгө чакырат.

ККИК басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх