Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту

Жолугушуунун негизги темасы - накталай эмес төлөмдөрдүн жаны эсептешүүчүлөрдүн үлүшүнүн жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилери менен өткөн бизнес-ланчка катышты.

Жолугушуунун негизги темасы – накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек.

«Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатууну стимулдаштыруу иши Министрлер Кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстан Республикасында салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем. Министрлер Кабинетинин алдыга койгон милдеттерине толугу менен жетишүүгө болот», - деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети банктардын пикирин жана сунуштарын эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алат. Ошол эле учурда ал коммерциялык банктар менен маселелерди талкуулоо үчүн мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлөөрүн белгиледи.

Андан соң коммерциялык банктардын жетекчилери өз суроолорун берип, тийиштүү сунуштарын киргизди.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх