Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Талант Мамытовду депутаттыкка талапкер катары каттаган жок

Мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү Мамытов парламенттин спикерликтен кетпегендигине таянып кабыл алды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы парламенттин спикери Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты.

Мамытовдун ЖКнын спикерлик кызматынан кетпегенине байланыштуу жогорудагы чечим кабыл алынган. БШКнын он мүчөсү жумушчу комиссиянын чечимин колдошту.

Мыйзамга ылайык, депутаттык мандатка талапкер шайлоо жарышына катышуу үчүн кызматтан кетиши керек.

Эске сала кетсек, Талант Мамытов “Ынтымак” партиясы менен парламенттик шайлоого катышууну пландаган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх