Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Шаар мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт

"Бишкек суу канал" маалымдагандай, 26 -октябрда саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин борбордун айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт.
 
Буга «Ала-Тоо» суу алгычында жана шаарда суу түтүктөрүн оңдоо иштери себеп болгон.
 
"Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" конуш жайларында үйлөрдө мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана тиричилик объектилеринде жана өндүрүштө суу берүү токтотулат.
 
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
 
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх