Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бул мыйзамсыз". "Ынтымак" БШКнын Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу чечимине даттанмакчы

Партия ЖКнын учурдагы спикери мамлекеттик кызматта турганда өз талапкерлигин көрсөтүүгө укуктуу экенин белгиледи

“Ынтымак” партиясы парламенттин спикери Талант Мамытовду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин талашууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий бирикменин штабынан билдиришти.

Алар шайлоо мыйзамында мыйзам чыгаруу органынын жетекчиси шайлоого катышканы үчүн кызматтан кетүүгө милдеттүү деген конкреттүү пункт жок экенин түшүндүрүштү.

Бүгүн партиянын өкүлдөрү БШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз жөнөтүштү.

Ал арада “Ынтымактын” лидери, депутат Марлен Маматалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде БШКнын жумушчу комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп атады.

- БШКнын чечими мыйзамсыз, - дейт Маматалиев. - Калган чоо-жайын кийинчерээк айтам.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы анын алдында парламенттин спикери Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Мамытовдун парламент спикерлик кызматынан кетпегендигине байланыштуу жогорудагы чечим кабыл алынды. БШКнын он мүчөсү жумушчу комиссиянын чечимин колдошту.

Шайлоодо мыйзамдын 21 -беренесине ылайык, депутаттык мандатка талапкер парламенттик депутаттарды жана жергиликтүү кеңештерди кошпогондо, шайлоо жарышына катышуу үчүн мандатын тапшырышы керек.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх