Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция блоггер Гүлзат Мамытбекти кармады. Алар аны убактылуу камоочу жайга киргизишти

Ал алдамчылыкка шектелүүдө

Милиция кызматкерлери блогер Гүлзат Мамытбекти кармашты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май РИИБге жети адам кайрылып, алардан Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү Гүлзат Алымкулова 110 миң доллар алып кеткен.

Алымкулова жарандар салган сумманы көбөйтүүгө убада берип, бирок бир аз убакыттан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

2020-жылдын июнь айында блоггерге алдамчылыкка шектелгендиги тууралуу сырттан билдирүү тапшырылган. 2020-жылдын 13-июлунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алымкулованы Бишкек шаарынын СИЗОсуна камакка алган.

Ошол эле учурда, 2020-жылдын август айынын башында блоггерге карата соттук териштирүү шектүүнү издөөгө байланыштуу токтотулган.

Бирок, 2021-жылдын 25-октябрында Алымкулова Кыргызстанга келип, ошол замат кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх