Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пара менен кармалган Таалайбек Апенов президенттик аппараттын ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду.

Аны кызматтан алуу боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Апенов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Чекисттердин айтымында, ал соттолгон адамды ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом талап кылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх