Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын элчилигине Иракта каза болгон кыргызстандык жаран тууралуу маалымат келип түштү

Алдын ала маалыматтар боюнча, сөөк Багдаддын өлүкканасында. Дипломатиялык өкүлчүлүк расмий ырастоону күтүп жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жараны С.М.нын Ирактагы өлүмү боюнча маалыматка комментарий берди.
 
«Буга чейин КРнын Кувейттеги элчилигине Багдадда иштеп жүргөн КР жараны С.М. каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жараны С.М.нын өлүмү фактысын тастыктоо/чокко чыгаруу өтүнүчү менен Ирак тарап менен ыкчам сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
 
Ушул жылдын 24-октябрында Ирак тарап Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган оозеки маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны С.М. каза болгон деп болжолдонуп жатканын, учурда сөөгү Багдад шаарынын өлүк сактоочу жайында экенин билдирди. Учурда бул окуя боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат күтүлүүдө.
 
Бул маселе боюнча бардык иштер маркумдун жакындары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө. Бул маселе министрликтин такай көзөмөлүндө”,-деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
 
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх