Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков отставкага кетти

Чиновник башка ишке өтөт

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына МБКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кошумчалай кетсек, Исабековдун орун басарлары Кубаныч Шатемиров менен Кыялбек Мукашев кызматынан кетип, Исабеков сыяктуу башка жумуштарга өтүп жатышат.

Эске салсак, Самат Исабеков МБКнын жетекчиси болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган. 1996-жылдан бери бажы органдарында иштеген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх