Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров санариптик өнүктүрүү министрлигин министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү чечти

Президенттин жарлыгына өзгөртүү киргизилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык менен Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизилет.

Бул Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх