Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Жаңы жылга бүтүндөй өлкө электрондук документ жүргүзүүгө өтүшү керек

Министрлер кабинетинин башчысы бардык документтерди санариптештирүү керектигин баса белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы министрдин м.а. тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Министрлер Кабинетинин түзүмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлүп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Дастан Догоев дайындалды.  

Акылбек Жапаров өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүү стратегиялык жактан маанилүү экендигине токтолуп, ишмердүүлүктүн көптөгөн артыкчылыктуу тармактарында санариптештирүү боюнча комплекстүү ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Сиздердин алдыңыздарда үч маанилүү багыт турат. Кыска мөөнөттө калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында жигердүү өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл. Бардык суроо-талаптар электрондук документ жүргүзүүгө өткөрүлүшү керек. Өлкөбүз жаңы жылга чейин электрондук документ жүргүзүүгө өтүшү тийиш. Мындан тышкары, салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүү, виртуалдык кампаларды ишке киргизүү зарыл. Келерки жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызмат көрсөтүү, бизнес менен өз-ара аракеттенүү, санариптештирүү боюнча механизмдер даяр болушу керек», – деди ал.

Акылбек Жапаров Дастан Догоевге министрликке коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх